Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:19

Садыр Жапаров парламент өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү чечимдерди кабыл алып жатканын айтты


Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында. 18-июнь, 2025.
Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында. 18-июнь, 2025.

Президент Садыр Жапаров 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына барып, буга чейин жаңы дайындалган министрлердин ант берүү аземине катышты. Жаңы дайындалган министрлер өз тармагындагы маселелерди чечүүгө тажрыйбасы, дарамети жетиштүү экенин белгилеп, алардын жоопкерчилигин эске салды.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык, коопсуздук жана башка тармактагы маселелерин жөнгө салууда бийлик бутактары тил табышып иштешип келатканын, мындай алака үзүрүн берип жатканын белгиледи.

"Коңшу мамлекеттер менен мамилени оңдоп, чек араларды өз ара пайдалуу негизде жөнгө салууда Жогорку Кеңештин зор салымы болгонун ыраазычылык менен белгилеп кетишим керек. Эгерде депутаттардын көбү ач кыйкырык салгандарды, митинг уюштургандарды, жалган маалымат таратып, элдин башын айландыргандарды ээрчип кеткенде курчуп турган абал Кыргызстанда эле эмес, азыр чатак болуп жаткан өлкөлөрдөй эле Борбор Азияда дагы таптакыр башка нукка бурулуп кетмек. Ошондой абалды болтурбоодо акыл калчап, жети өлчөп бир кесип чечим кабыл алган депутаттардын эмгеги зор болду".

Ал парламент өлкө коопсуздугун чыңдоо, салык чогултууларды арттыруу, шайлоолордун ачыктыгын камсыздаган жана бир катар маанилүү мыйзамдарды кабыл алып бергенин белгиледи. Учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турган калктын, ишкерлердин салык түйшүктөрүн азайтуу, “Тамчы” каржылык инвестициялык аймагын түзүү боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алып берүүнү сунуштады.

18-июнда парламентте төмөнкү жетекчилер ант беришти:

  • саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев;
  • курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев;
  • санарип өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов;
  • агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева;
  • илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов;
  • коргоо министри Руслан Мукамбетов.

Шерине

XS
SM
MD
LG