17-июнда АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүндөгү баракчасына Иран боюнча бир нече билдирүү жарыялады.
Ал эки саатка жетпеген убакыт мурда жарыяланган алгачкы билдирүүсүндө: “Биз азыр Ирандын асманын толугу менен туш тараптан көзөмөлгө алдык”, - деп белгиледи. Андан соң Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи кайда жашынып турганын билерин жазды.
"Биз аны жок кылбайбыз (өлтүрбөйбүз!), азырынча. Бирок биз жайкын тургундарга же америкалык аскерлерге ракеталардын атылышын каалабайбыз. Биздин сабырыбыз түгөнүп баратат", - деп жазды Трамп.
Иран тууралуу удаалаш эки билдирүүсүнөн кийин Трамп баш тамгалар менен "шартсыз багынып берүү" деген сөздөрдү өз баракчасына калтырды. Бирок бул эмнени билдирерин, мындай талап канчалык Иранга багытталганын тактаган жок.
АКШ президентинин соңку билдирүүлөрүнө азырынча Иран тарап расмий жооп бере элек.
Трамп "Чоң жетинин" Канададагы саммитине катышкан соң расмий Тегеран өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча "келишимге макул болушу керек эле" деп жазган.
Ошондой эле ал Канададан кайтып келе жатып: "Мен Иран менен сүйлөшүүгө кызыкдар эмесмин. Мен анын өзөктүк программадан толук баш тартуусун күтөм", - деп билдирген.
13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.
Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашык адам набыт болгонун маалымдады. (AiA)
Шерине