17-июнда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” саммитинин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишимден тышкары өнөр жай, соода-экономика, “жашыл минералдар”, темир жол экспресс каттамдары, бажы тармагында, жүк өткөрүүнү жеңилдетүүдө кызматташуу боюнча меморандумдар да кабыл алынды.
Саммитте президент Садыр Жапаров Борбор Азия менен Кытайды кылымдардан бери келе жаткан тарыхый, соода жана маданий алака байланыштырып турганын белгиледи. Ал биргелешкен аракеттердин аркасында достукту жана ынак коңшулаштыкты чыңдоодо, стратегиялык өнөктөштүктү орнотууда жана өнүктүрүүдө эбегейсиз жол басып өтүлгөнүн айтты.
Астанадагы саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.
Шерине