Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

"Башында уктабай, коркуп жүрдүк". Тегерандагы чабуулдарга күбө болгон Жаркын


Кыргызстандык Жаркын Калыкова.
Кыргызстандык Жаркын Калыкова.

Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал далай адамдарды убактылуу жер которууга аргасыз кылды. Алардын арасында Иранда 11 жылдан бери жашаган, Тегеран университетинин саясат таануу бөлүмүндө докторантурада окуган Жаркын Калыкова да бар. Ал Азербайжан тарапка чыгып баратып, "Азаттыкка" маек курду.

- Соңку күндөрү Тегеран бир нече ирет Израилдин аба чабуулдарына кабылды. Жалпысынан азыркы Тегерандын абалын сүрөттөп берсеңиз? Кайсы райондор көбүрөөк бутага алынды, шаарда жашоо кандай өтүп жатат?

- Биз курбум экөөбүз Тегерандын түндүк бөлүгүндөгү Ванак районунда жашайбыз. Тегеран өзү 22 районго бөлүнөт. Кечээ кечинде мамлекеттик телеканал бомбаланган аймакка жакын жердеги райондо болчубуз. Чабуул башталардан мурда Телеграмдагы жергиликтүү каналдарда тургундарга “бул аймактан чыгып кеткиле” деген эскертүү түшкөн. Ошондо биз да шашып чыгып кеткенбиз. Бир сааттан кийин жаңылыктан телеканалдын имараты бомбаланганы тууралуу кабар алдык. Ал имарат биздин райондон болжол менен бир чакырым, жашаган үйүбүздөн эки чакырымдай алыстыкта жайгашкан эле.

Азыр шаарда абадан коргонуу каражаттары активдүү иштеп жатат. Мисалы кечээ Тегерандын Пастур жана Амер-Абад райондоруна чабуул болгон. Ошол жактарда абадан коргонуу комплекстери ракеталарды тосуп калган. Алгачкы чабуулдарда негизинен аскер жетекчилери каза болуп, алардын жакындары жабыркаган. Нармак районунда да эл арасында жаракат алгандар болгон. Иранда үйлөр абдан жыш курулат. Ошондуктан кээде чабуул бутага алынбаган үйдү да кыйратып кетет.

Тегерандагы мамлекеттик телеканалдын имараты.
Тегерандагы мамлекеттик телеканалдын имараты.

- Израил Тегерандагы аскердик жай бутага алынарын эскерткенден кийин ирандыктар өлкөнүн түндүк тарабына кете баштаганы кабарланды. Шаарда эл жапырт көчүп жаткан учурлар байкалдыбы?

- Азыр Тегеранда калктын басымдуу бөлүгү башка провинцияларга чыгып кетип атат. Решт, Горган, Казвин өңдүү түндүктөгү шаарларда баш калкалап жатышат. Калаада согуштук коркуу маанай өкүм сүрүп турат. Ошол эле кезде эл мурдагыдай жашап жатат, дүкөндөр ачык.

Иран эли — мекенин сүйгөн эл. Өкмөттү колдобосо да жерин таштабайт. Азыркыдай оор маалда бири-бирине жөлөк болууда. Бир мисал келтирейин. Мазандарин провинциясында бардык отелдер жана үйлөр баш калаадан келгендерди акысыз жайгаштырып жатат. Израилдин социалдык тармактарында перс тилинде көтөрүлүш кылуу, режимди кулатуу тууралуу чакырыктар жасалууда. Бирок эл арасында аны колдогондор көрүнбөйт.

Бир жагынан элдин Тегерандан чыгып кеткени өкмөт үчүн да оң болду. Анткени бул мегаполисте бир жерден экинчи жерге жетүү кыйын. Азыр көчөлөр бош. Тез жардам, өрт өчүрүү кызматы окуя болгон жерге тез жетип жатат. Бул Тегеран үчүн өзгөчө көрүнүш.

Бирок шаарда калгандар да бар. Кээ бир тургундар терезелерин жарылуудан коргоо үчүн скотч менен чаптап жатышат.

Тегерандан чыгып бараткан тургундар. 15-июнь, 2025-жыл.
Тегерандан чыгып бараткан тургундар. 15-июнь, 2025-жыл.

- Азыркы абал Иран элине күтүүсүз болдубу? Бийликтин же медиа каражаттарынын бул тууралуу алдын ала эскертүүлөрү болгонбу?

- Израилдин чабуулу Иран элине анча күтүүсүз болгон жок десем болот. Мен бул жакта 11 жылдан бери жашап, иштеп келем. Мындай күн бир күнү болот деп баары эле билип, даярданып жүргөн. Буга чейин да Израил чабуул жасап, бир күндө эле токтоткон. Бул жолу уланды. Чынын айтсам, мен дагы бир күн менен эле бүтөт го деп ойлогом.

Бирок дүйнөлүк медиада тараган маалыматтардын баары эле чындык эмес. Айрым жерлерде биздин жашоону Газа тилкесиндей сүрөттөп жатышат . Албетте, бомбалар түшүп жатат, бирок абадан коргонуу системалары иштөөдө. Башында, алгачкы эки күн абдан коркуп, уктабай жүрдүк. Азыр бул кырдаалга да бир аз көнүп калдык. Медиа тармагында азыр фейк сүрөттөр, дезинформация көп. Мен маалыматтарды перс, англис жана түрк тилдеринде окуп, салыштырып жатам.

Жергиликтүү маалымат каражаттарында 282 адам каза болгону, 1911 киши жарадар болгону айтылып жатат.

Жаркын Калыкованын жеке архивинен.
Жаркын Калыкованын жеке архивинен.

- Иранда, өзгөчө Тегеранда жашаган кыргыз жарандары көппү? Алардын көбү шаардан чыгып кетүүгө жетиштиби?

- Анча көп эмес. Бир нече күн мурун биринчи топ кыргыздар чыгып кетишкен. Бүгүн биз, бул жактагы кыргыздардын экинчи тобу Азербайжанга карай кетип баратабыз. Азыр Ирандын түндүгүндөгү Решт шаарына жеттик. Бүгүн биз чыгып баратканда Тегеранда кырдаал салыштырмалуу тынч болду.

Өзүм бул жакта окуудан тышкары котормочу болуп да иштейм. Чынын айтсам, башында мен эвакуацияга шашкан эмесмин. Тез эле баары токтоп, мурункудай болот деп ойлогом. Бирок Кыргызстандагы жакындарым коопсуз жакка кет деп, сарсанаа болуп туруп алышты. Өзгөчө эжем менен апам утур чалып жатып, мен да азыр башка кыргыздар менен элчилик аркылуу Бакуга жөнөп баратам. Абал батыраак турукташат деген үмүт менен баратабыз. Кайра эле Тегеранга кайтып келем деген оюм бар.

Жаркын Калыкова, Тегеран шаары.
Жаркын Калыкова, Тегеран шаары.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Иран да Израилдин аймагын ракеталар жана дрондор менен бутага алган. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашык адам набыт болгонун билдирди.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG