Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:21

Медиа: АКШ Иранга каршы чабуулга кошулууну караштырууда


Тегерандагы мунай базасы Израилдин соккусунан кийин. 17-июнь, 2025-жыл
Тегерандагы мунай базасы Израилдин соккусунан кийин. 17-июнь, 2025-жыл

Президент Дональд Трамп Израилдин Иранга каршы соккуларына АКШнын катышуусун караштырып жатат. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазды.

Ал тапта Израилдин армиясы шаршембиге караган түнү Ирандын аскердик объектилерине жана курал-жарак заводуна сокку урду. Иран өз кезегинде Израилдин аймагына ракеталарды учурду. Эки өлкөнүн тең карапайым тургундары коопсуз жерлерге чыгып кетүүгө аракет кылууда.

Америкалык медиа улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, президент Трамп Ирандын өзөктүк жайларына сокку урууга кошулуу маселесин караштырууда.

Шейшемби күнкү чукул жыйында кандай чечимдер кабыл алынганы айтылган жок. Ага чейин Трамп Ислам жумуриятынан “эч кандай шартсыз багынууну” талап кылган. Эксперттер бул сөздөрдү Тегеран өзөктүк программасынан баш тартышы керек деп чечмелешти.

Америкалык лидер ошондой эле Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи кайда жашынып жүргөнү белгилүү экенин айтты:

“Биз аны жок кылбайбыз (өлтүрбөйбүз!), азырынча. Бирок биз жайкын тургундарга же америкалык аскерлерге ракеталардын атылышын каалабайбыз. Биздин сабырыбыз түгөнүп баратат".

Дагы бир постунда ал “Биз азыр Ирандын асманын толугу менен туш тараптан көзөмөлгө алдык”, - деп жазды. Трамп Ирандагы кырдаал эки күн ичинде өзгөрөрүн айтты.

Шаршембиде Ирандын БУУнун Женевадагы мекемелериндеги элчиси Али Бахрейни Вашингтон Израилдин аскердик кампаниясына түздөн-түз аралашса, чечкиндүү жооп кайтарыларын эскертти. 18-июнда Хаменеи Израилге “эч кандай ырайым болбой турганын” билдирди.

“Террордук сионист режимине чечкиндүү жооп кайтыруу керек. Сионисттерди аябайбыз”, - деп жазды Хамени Х социалдык тармагындагы постунда.

Тегеран буга чейин өзөктүк курал жасоо аракетинен баш тарта турганын, бирок тынч максатты көздөгөн өзөктүк программасын улантууга укуктуу экенин билдирген. Израил жана Батыш, анын ичинде АКШ Ирандын бийлиги атомдук программага жамынып, кооптуу куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шек санашат.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон "Чоң жетинин" саммитинде Ирандагы режимди аскердик жол менен алмаштырууга багытталган ыктымал аракеттерди "начар идея" деп атап, сүйлөшүүлөрдү жандантууга чакырды:

"Ирандын атомдук курал чыгаруу кудуретине ээ болушун же баллистикалык ракеталарды өнүктүрүшүн каалабайбыз. Бирок Ирандагы режимди аскердик жол менен алмаштыруу аракети башаламандыкка алып келип, эң чоң ката болуп калмакчы. Ядролук жана баллистикалык курал маселесин жөнгө салуу жолдорун аныктоо үчүн сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча ыкчам жандантууга тийишпиз. Франция муну акыркы 10 жылдан бери аркалап келет".

Израил 13-июнда Ислам жумуриятына сокку урганда Тегерандын өзөктүк жайларын бутага алганын билдирген.

Израилдин армиясы түн ичинде Ирандын уран центрифугаларына жана курал-жарак чыгарган заводдоруна сокку урганын билдирди.
Шаршембиде эртең менен ирандык сайттар Хожирдеги ракета чыгарган ишкана чабуулга кабылганын кабарлашты. Ошол эле завод былтыр октябрда бутага алынган.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик уран байытууда колдонулган центрифугалардын үстүнөн иштеген Караждагы завод жана Тегерандагы изилдөө борбору соккуга кабылганын билдирди. Агенттик эки жай тең көзөмөлгө алынган объекттердин катарына кирерин белгиледи. Байытылган уран - курал жасоодо да керектилиши мүмкүн.



Ирандын WANA кабар агенттиги шаршембиде Израилди көздөй атылган ракеталар делген видео чыгарды. Бирок ал качан жана кайсы жерде тартылганын тактаган жок.

Израилдик аскерлер 18-июнга караган түнү Ирандын аймагына 25 чакты ракета атканын билдиришкен. Жергиликтүү медиктер каза тапкандар жана жарадарлар жоктугун маалымдашты.

Шаршембиде Ирандын Саламаттык сактоо министрлигиндеги булак соккулар башталган 13-июндан бери 585 кишинин өмүрү кыйылганын, 1326 киши жараат алганын билдирди.

Израилдин чукул кырдаалдар департаментинин ошол эле күнкү маалыматында, Ирандын аткылоосунан 26 тургун каза таап, 1300дөн ашууну жарадар болгон.

АКШ куралдуу жаңжалга кийлигишсе анын арты кандай болот деген маселе күн тарбине чыгып, абал курчушу мүмкүн деген чочулоолордун фонунда эки өлкөдө тең калктын көбү коопсуз жерлерге кетүүгө аракеттенип жатат. Арасында Борбор Азиянын жарандары да бар.

Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды Иран менен Израилге барбай турууга, ал жакта жашаган жарандарды бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө чакырды. Ага чейин Ирандагы 28 кыргыз жараны Азербайжанга өткөрүлгөн.

Буга чейин Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги Иранда калган чет өлкөлүк жарандардын өлкөдөн коопсуз чыгышына көмөктөшүп жатканын билдирген. Бул өлкөнүн чек ара көзөмөл пункттары аркылуу Ирандан 120 адам чыгып кеткен. Алардын арасында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары бар.

АКШ Иран-Израил чатагына аралашууну караштырууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:22 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG