Иран менен Израил бири-бирин аткылоону улантууда. Эки тарапта тең карапайым адамдар арасында өлгөндөр, жарадар болгондор бар. "Ассошиэйтед пресс" агенттиги Израилдин чукул кырдаал кызматына шилтеме берип жазгандай, дүйшөмбүдө эртең менен өлкө кайрадан ракета соккуларынын жаңы толкунуна кабылды.
Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын кыргызстандыктарга чектөө киргизиши мүмкүн деген маалыматына түшүндүрмө берүү үчүн АКШ элчилигинин консулун чакырарын жарыялады.
Иран менен Израил бири-бирин аткылоону токтоткон жок. Эки тарапта тең жай тургундар арасында өлгөндөр, жарадар болгондор бар.
АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен Израилдин жаңжалына Америка Кошмо Штаттары кийлигишпей турганын билдирди, бирок эки эки тарап бири-бирине аба соккуларын күчөткөндө абал өзгөрүшү мүмкүн экенин кыйытты.
Израил 13-июнда Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге сокку урганын билдирди. Сокку өлкөнүн борборуна да урулган. Тегеранда тартылган сүрөттөр жана видеолор.
Израил Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге сокку урганын 13-июнда жарыялаган. Ошол эле күнү Израилдин өзүнүн аймагы Ирандын соккусуна кабылды. Бири-бирине каршы чабуулдар 14-июнга караган түнү да уланды.
Кыргызстан Израил менен Иран ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди, тараптарды сабырдуулукка чакырды. Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал, анын өнүгүшү кандай болот жана Борбор Азияга таасири тууралуу аймак таануучу, эксперт Искендер Ормон уулу менен маектештик.
УКМК 200 миң доллар пара алууга шектүү кызматкери иштен алынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, подполковник С.М. "ири өлчөмдөгү коррупцияга" айыпталууда, ал ишкердин тергөөгө байланыштуу көйгөйүн чечип берем деп 200 миң доллар өлчөмүндө пара алганы аныкталган.
Индияда 200дөн ашык жүргүнчүнү ташып бараткан учак кырсыкка кабылып, көп адам мүрт кетти. Украинанын экинчи ири шаары Харьков Орусиянын аба соккусуна кабылып, кеминде 16 адам жараат алды. Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганын айткан келиндин жолдошун эки аптадан кийин гана кармады.
Индияда 12-июнда кырсыкка учураган учактын ичинде жалпы 242 киши (Индия, Улуу Британия, Канада жана Португалия жарандары) болгон. Айрымдар алардын бири да аман калбаганын жазышса, кээ бир маалымат булактары кеминде эки жүрүнчү аман экенин кабарлоодо.
Дагы жүктөңүз