Ирандын мамлекеттик телеканалы Израилдин коргоо министри "Ирандын башкы пропаганда уюгу жок болуу алдында" деп эскерткенден кийин бомбаланды.
Маалыматка караганда, Ирандын башкы телеканалы Тегеран убактысы боюнча саат 18:34тө түз эфирдеги берүү учурунда чабуулга кабылды. Интернетте тараган видеолордон студиянын үстүнкү бөлүгү урап түшкөнүн көрүүгө болот.
Маалымат каражаттары чабуулдун натыйжасында мамлекеттик телерадиокомпаниянын бир нече кызматкери набыт болгонун жазды.
Израил бул чабуул боюнча расмий комментарий бере элек.
"Ассошиэйтед пресс" агенттиги Израилдин чукул кырдаал кызматына шилтеме берип дүйшөмбүдө эртең менен өлкө кайрадан ракета соккуларынын жаңы толкунуна кабылганын жазды.
Анын алдында Ирандын Тегеран баш болгон шаарлары аткыланган. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги каза тапкандардын саны 220дан ашканын билдирди.
Дүйшөмбү эртең менен Тель-Авивдин чыгыш тарабындагы Бней Брак шаарында куткаруучулар урандыларды тазалап жатты.
Маалымат каражаттары кабарлагандай, ал жакта турак жайдан тышкары синагога жана мектеп жарым-жартылай урап калды.
Полиция ашынган динчилдер байырлаган шаардын бир районуна ракета сыныктары түшкөнүн билдирди.
Таңга маал атылган ракеталар бир нече калааны, анын ичинде борбор шаар Тель-Авив менен Хайфа портун бутага алып, мунай тазалоочу ишканада өрт тутанды. Израилдин тиешелүү мекемеси мунай куурлары жана электр өткөргүчтөр зыянга учураганын, эч ким жабыркабаганын билдирди.
Израил бийлиги бул күнү соккулардан бери дегенде беш киши каза тапканын, жума күндөн бери 20дан көп кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. 16-июндагы соккулардан 100дөн көп киши жараат алды.
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Тегерандын тургундары бул үчүн “жакын арада кун төлөшөрүн” эскертти жана Иран бийлиги атайылап калк жашаган жерлерди аткылаганын белгиледи.
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) ушул эле күнү Ирандын "Ал-Кудс" атайын күчтөрүнүн Тегерандагы командалык пунктуна чабуул койгонун билдирди.
Маалыматка караганда, чалгынчылар аныктаган буталарда “Жакынкы Чыгыштагы прокси-күчтөрдүн колу менен Израилге каршы теракттарды” пландаган борборлор жайгашкан.
"Ал-Кудс" - Ислам революциясынын сакчылар корпусунун курамындагы атайын бөлүктөр, негизинен Ирандын сыртындагы атайын операцияларга жооп берет.
Жекшембиде түштөн кийин Тегерандын борбору жана баш калаанын жака белиндеги район ЦАХАЛдын соккуларына кабылганын Ирандын маалымат каражаттары кабарлаган. Ага чейин Ислам жумуриятынын Коргоо министрлиги, мунай иштетүүчү завод, мунай тазалоочу ишканалар жана башка жайлар бутага алынганы маалымдалган.
Ирандын мамлекеттик телеканалы метростанциялар жана мечиттер бомбалардан калкалоочу жай катары колдонуларын билдирген.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Хоссейн Керманпурдун маалыматында, Израилдин соккулары башталган 13-июндан бери кеминде 224 киши набыт болду, 1200дөн ашууну жараат алды, алардын 90% жайкын тургундар. Ишембиде 14 кабат имарат кулаганда 60 киши каза тапканы, жарымы балдар экени кабарланды.
"Биз согушту андан ары жайылтууну көздөбөйбүз, бирок армиябыз, кубаттуу Ислам революциясынын сакчылары жана кымбаттуу элибиз тиешелүү жооп кайтарды. Израил кырдаалды курчутууга аракеттенген сайын, биздин жообубуз да катаалыраак болот. Дагы көптөгөн бейкүнөө киши өмүрүнөн ажырашы мүмкүн", - деп айтты Ирандын президенти Масуд Пезешкиан.
ИРНА маалымат агенттиги дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда Пезешкиан Ислам жумуриятынын ядролук курал жасоо ниети жоктугун кайталаганын, бирок тынч максаттарды көздөгөн атомдук энергия жаатындагы изилдөөлөрдү улантууга укугу бар деп билдиргенин жазды. Иран лидери элин Израилге каршы биригүүгө чакырган.
Жекшембиде Израилдин бийлиги Ирандын ракеталарынан Тель-Авивде кеминде 10 кишинин, арасында наристелердин өмүрү кыйылганын билдирген.
Ал арада Бат-Ям шаарында каза болгондордун саны тогуз кишиге жеткенин израилдик куткаруучулар маалымдашты. Израилдин президенти Исаак Херцог ишембиде аткыланган шаарга барган.
"Бул жерди ирандык ракеталар бүлүндүргөнүн көрүп турабыз. Бирок биз региондун тагдырын өзгөртүүгө, тынчтык орнотууга, Ирандын биздин эгемен мамлекет катары жашап кетүүбүзгө жана аймакка жараткан коркунучун жоюуга келгенде чечкиндүүбүз", -деп ишендирди Херцог.
Рейтер агенттигинин атын атабаган расмий булакка таянып билдиришинче, Ислам жумурияты АКШ жана Израил менен мамилелерде ортомчулук кылып жаткан Катар менен Оманга кайрылып, чабуулдар уланган маалда ок атууну токтотуу үчүн сүйлөшүүгө даяр эместигин айткан. Арачылар азырынча бул маалыматты расмий комментарийлеген жок.
Оман акыркы айларда АКШ менен Ирандын өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө көмөктөшүп келген. Кезектеги раунд жекшемби, 15-июнга белгиленген, бирок Израил Иранга сокку ургандан кийин бул аракет үзгүлтүккө учураган.
Тегеран ал сүйлөшүүлөр маанисин жоготконун билдирди. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жекшембиде "балким тараптар мунасага келишмек, бирок Израил ага бут тосту" деп айыптады.
Дональд Трамп Иран менен Израилдин жаңжалына АКШ кийлигишпей турганын билдирди, бирок эки тарап бири-бирине аба соккуларын күчөткөндө абал өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин кыйытты.
Трамп "Чоң жетинин" Канададагы саммитине жөнөп жатып Кошмо Штаттар Израилди колдоону уланта берерин кошумчалады, бирок Израилге Иранга каршы соккуларды токтотуу сунушун бердиби же жокпу деген суроого жооп берүүдөн баш тартты. Жаңжалга чекит коюу аракеттери саммитте каралмакчы.
13-июнда Израил Иранды ракета менен аткылап, өзөктүк ишканаларын, куралдуу күчтөрдүн командачыларын жана өзөктүк тармакта иштеген окумуштууларды бутага алганын билдирген.
Тель-Авив муну менен Тегерандын атомдук куралга ээ болуусун алдын алуу максатын көздөгөнүн жүйө катары келтирген. Ирандын бийлиги чабуулду согуш жарыялоого теңеп, өзүн коргоо укугунан пайдаланып жооп кайтара турганын эскерткен. Ошондон бери тараптар бири-бирин аткылап жатат.
Ислам жумурияты ядролук программасы жай турмуш максаттарын гана көздөрүн айтууда. Дүйшөмбүдө Ирандын парламенти өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен чыгуу токтомун даярдап жатканын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдирди.
Дүйнө лидерлери жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөп жатышат.
Шерине