Министрлер кабинети "Тамчы" каржылык инвестициялык аймагын түзөт

Тамчы аба майданынын кире бериши.

Министрлер Кабинети өзгөчө укуктук режимге жана статуска ээ “Тамчы” атайын каржылык инвестициялык аймагын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 16-июнундагы жыйынында биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору эл аралык каржылык стандарттарды сактоо менен түз инвестицияларды тартууну көздөйт. Бул үчүн Ысык-Көл облусу туризм, логистика жана эл аралык кызматташууда чоң потенциалга ээ болот.

“Бул режим ишкердик кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берет. Аймактын резиденттери үчүн салыктык преференциялар сунушталат. Салык мыйзамдарына ылайык бардык салыктардан 49% бошотулат. Чет элдик адистерди тартуу үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартип кирет. Валюталык операцияларды эркин жүргүзө алышат. Бул аймакта башкаруучу компания түзүлүп, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге белгилүү бир көлөмдө каражат чегерип турат. Анын өлчөмү түшкөн пайданын пайызы менен Министрлер кабинети аныктайт”, - деди Сыдыков.

Башкаруу компаниясы өзүнүн критерийлерин аныктап, ошого жараша чет элдик компанияларды кабыл алат. Министр бул долбоорду ишке ашыруу менен миңдеген жумуш орундар түзүлөрүн, мындай тажрыйба Сингапур, Гонконг, Лондон, Дубай, Люксембург жана башка өлкөлөрдө иштеп жатканын түшүндүрдү. 2028-жылдан тартып инвестицияларды тартуу массалык түрдө башталып, 2030-жылда кадимки шартта иштей баштарын божомолдоду.

Мында банк жана камсыздандыруу, виртуалдык рынокто соода жүргүзүү, активдерди башкаруу, кредиттик уюмдар, юридикалык кызмат көрсөтүү, туризм, саламаттык сактоо сыяктуу мыйзамда тыюу салынбаган коммерциялык ишмердиктин 17 түрү камтылат. Бул аймакта кумаркана ачууга да жол берилет, бирок ал Кыргызстандын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Депутат Камила Талиева буга чейин мамлекеттин катышуусу менен бир топ долбоорлор башталып, аягына чыкпай калганын, анын айрымдары боюнча териштирүүлөр дагы эле бүтпөй келатканын айтты.

“Биз буга чейин миллиарддан бөлүп, мамлекетке пайда алып келет деп бир топ фонддорду ачканбыз. Кээ бирлери банкрот болуп, жетекчилери кармалды. Туризмди өнүктүрүү, “Кыргызиндустрия” деген ишканалар ачылып, азыркыга чейин ызы-чуу бүтпөй жатат. Менин чочулаганым, жыйынтык болбой калууда", - деди депутат Камила Талиева.

Парламенттеги жети фракциянын тең макулдугу болгону үчүн мыйзам долбоору үч окууда бир каралып, колдоо тапты.

Жапаров мындан сырткары 2023-жылы жайында Ысык-Көл облусунун аймагында Асман шаарынын курулушуна старт берген. Капсула салуу аземинен кийин аз убакыт өтүп-өтпөй андагы курулуштар кайра токтоп калган. Экономика министрлигинин маалыматында, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган.

2022-жылы "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги түзүлүп, өкмөт ал кен казуу сыяктуу тармактарда отуздан ашык ири долбоорду ишке ашырат деп жарыялап, ишкана бир жылга жетпей жабылган.

2023-жылы уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзгөн Туризмди өнүктүрүү фонду ачылып, каражат ыксыз сарпталган деген негизде кылмыш иши козголгон.

Дагы караңыз

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Астанага расмий сапар менен келдиОрусия Украинага дагы 1245 аскердин сөөгүн өткөрүп бердиТрамп Путин менен Иран-Израил кризисин талкуулап, Украинадагы согушту токтотууга үндөдүИрандан Кыргызстандын 28 жараны эвакуацияланды