Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:28

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Астанага расмий сапар менен келди


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайдын төрагасы Си Цзинпинди Астана аэропортунан тосуп алды. 16-июнь, 2025-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайдын төрагасы Си Цзинпинди Астана аэропортунан тосуп алды. 16-июнь, 2025-жыл.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин 16-июнда Казакстандын баш калаасы Астанага расмий сапар менен келди. Акордо Си Цзинпин түшкөн учакты Казакстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик учактары коштоп келгенин маалымдады.

Астананын эл аралык аэропортунда Кытай лидерин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.

Си Цзинпин Казакстанга Токаевдин чакыруусу менен келди. Акордонун билдирүүсүндө айтылгандай, сапардын алкагында эки лидер казак-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү маселесин талкуулайт.

Мындан тышкары, Токаев менен Си Цзинпин 17-июнда Астанада өтө турган “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитине дагы катышат. Бул саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары да чакырылган.

Биринчи саммит 2023-жылы Кытайдын Сиань шаарында өткөн.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы былтыр дагы Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астанага келген. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG