Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:37

Орусия Украинага дагы 1245 аскердин сөөгүн өткөрүп берди


Аскерлердин сөөгүн алмашуу процесси.
Аскерлердин сөөгүн алмашуу процесси.

16-июнда Орусия Украинага 1245 украин аскеринин сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу Украинанын аскер туткундары боюнча Координациялык штабы билдирди.

"Жалпысынан Украина Стамбулдагы макулдашылган келишимдин алкагында 6057 сөөктү кайтарып алды", – деп айтылат штабдын маалыматында.

Украинанын Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү жана эксперттери ар бир сөөктү идентификация кылып чыгары маалымдалды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвага 78 аскер кызматкеринин сөөгү кайтарылганын билдирди.

Москванын билдирүүсүнө ылайык, туткундарды алмашуу процесси жана оор жаракат алгандарды өткөрүп берүү иши уланууда.

Сөөктөрдү өткөрүп берүү келишими 2-июнда Стамбулда жетишилген. Орусия тарап Украинага 6 миң аскердин сөөгү берилерин билдирген.

Стамбул сүйлөшүүсүндө жетишилген келишимге ылайык, Орусия менен Украина 10-июндан бери туткун айырбаштоо жараянын жүргүзүүдө. Алмашуулар 1:1 тартибинде жүрүүдө, бирок азырынча канча туткун айырбашталганы так айтылган жок.

Украин президенти Владимир Зеленский туткундарды айырбаштоо жараяны болжол менен 20-21-июнда аягына чыгарын айткан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG