Электр тармагындагы аварияга байланыштуу 18-июнда Бишкек шаарынын көпчүлүк бөлүгүндө жарык өчтү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Министрликтин маалыматы боюнча, ушул тапта авариянын кесепетин жоюу боюнча адистер иштеп жатат. Маалыматка ылайык, борбор калааны жарык менен камсыз кылган ири көмөк чордонунда авария болгон. Өлкөнүн башка аймактарында электр энергиясы өчкөн жок.
Социалдык тармактын колдонуучулары турак жайларында электр жарыгы жок экенин жазып жатышат.
Шерине