Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын кыргызстандыктарга чектөө киргизиши мүмкүн деген маалыматына түшүндүрмө берүү үчүн АКШ элчилигинин консулун чакырарын жарыялады.
Иран менен Израил бири-бирин аткылоону токтоткон жок. Эки тарапта тең жай тургундар арасында өлгөндөр, жарадар болгондор бар.
АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен Израилдин жаңжалына Америка Кошмо Штаттары кийлигишпей турганын билдирди, бирок эки эки тарап бири-бирине аба соккуларын күчөткөндө абал өзгөрүшү мүмкүн экенин кыйытты.
Чех жазуучусу Карел Чапек көккө көтөрүлгөн кыялкечтин канаттуу сезимин боорун жерден көтөрө албаган байкуштар кантип жок кылышканын "Учууну билген адам" аңгемесинде ишенимдүү сүрөттөп берген.
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай жатканын айтып "Азаттыкка" кайрылды.
Индияда 12-июнда кырсыкка учураган учактын ичинде жалпы 242 киши (Индия, Улуу Британия, Канада жана Португалия жарандары) болгон. Айрымдар алардын бири да аман калбаганын жазышса, кээ бир маалымат булактары кеминде эки жүрүнчү аман экенин кабарлоодо.
Талас шаардык соту парламенттин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Ага коррупция боюнча айып тагылып, 2005-2010-жылдары айыл өкмөт болуп турган учурга байланыштуу экенин облустук милициядан ырасташты.
Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында мигранттарга, анын ичинде өзбек жарандарына күч колдонулган рейддерге байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, түшүндүрмө талап кылды. Анда окуяны тыкыр иликтеп, күч кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү коюлду.
Кыргызстандын тарыхында Июнь окуясы деген аталыш менен калган Ош жана Жалал-Абад облусундагы этностор аралык жаңжалга быйыл 15 жыл болду. "Азаттык" аймактагы ынтымакка даанакер болуп, жаш муунга өрнөк көрсөткөн үч каармандын баянын сунуштайт.
Кыргызстандын экинчи ири калаасы Оштун башкы аянтынан 25 метр бийиктиктеги Владимир Лениндин айкелинин алынышына байланыштуу “Кыргызстан коммунисттери” партиясы өлкө бийлигине кайрылуу жолдоду. Алар Ош шаар бийлигинин аракетине укуктук баа берүүнү өтүнгөн.
Дагы жүктөңүз