Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Садыр Жапаров “Борбор Азия – Кытай” саммитине катышуу үчүн Астанага барды


17-июнда президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн Казакстандын борбору Астана шаарына барды. Аны аба майдандан Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.

Жыйынга Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин катышат. Саммит учурунда аймактык кызматташтык талкууланары айтылган.

Президент Жапаров саммиттин алкагында Кытай лидери Си Цзинпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөрү кабарланды.

Быйыл 5‑февралда Садыр Жапаров Бээжинге расмий сапары менен барган. Анын Кытайдагы мамлекеттик сапары алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлган. Жолугушууда эки лидер кыргыз-кытай мамилелери, ар тараптуу жана тең укуктуу кызматташтыкты тереңдетүү, эки тарапты кызыктырган эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча кеңири пикир алмашканы кабарланган.

Кол коюлган макулдашуу, меморандумдар жана башка документтер арасында “Бир алкак, бир жол” демилгеси менен Кыргызстандын 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасын биргелешип алдыга жылдыруу программасы, социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу, Кыргызстандын сот тутумунун маалыматтык системасын түзүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча, Ош шаардык ооруканасын жана Президенттик оорукананы медициналык жабдуу боюнча кат алмашуу, Тышкы иштер министрликтери ортосунда стратегиялык диалог механизмин түзүү меморандумдары бар.

2023-жылдын май айында “Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларациясына” кол коюлган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG