Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:06

Донецкиде Орусиянын чабуулунан алты адам каза болду


Донецк облусу.
Донецк облусу.

Өткөн суткада Донецк облусунун Украина көзөмөлдөгөн аймактарына жасалган орус күчтөрүнүн артиллериялык чабуулдарынан алты жай тургун мерт болуп, дагы төрт адам жараат алды. Бул тууралуу облустун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди.

Анын айтымында, үч киши Богатырь айылында, экөө Покровск шаарында, дагы бири Константиновкада набыт болгон. Донецк облусуна абадан 21 сокку урулган.

Дүйшөмбүгө караган түнү Орусия Украинага 100дөй дрон учурганы белгилүү болду. Киевдин мэри Виталий Кличконун маалыматында, калаада эки киши жараат алган.

Москва Украинанын жарандык инфраструктурасы менен социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG