Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:00

УКМК радикалдык диний топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды радикалдык такфиризм-жихадизм агымына үгүттөгөн диний топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Атайын кызмат 16-июнда тараткан маалыматта тергөөнүн жүрүшүндө бул топтун мүчөлөрү радикалдык-экстремисттик көз караштарды жайылтуу менен алектенип, өз чөйрөлөрүндө үгүт иштерин жүргүзгөнү аныкталган. Зордук-зомбулукка чакырыктарды камтыган материалдарды таркатып, башка диний агымдардын жана диндердин өкүлдөрүнө каршы үгүттөшкөн.

Соттун 11-июндагы чечими менен Бишкек шаарындагы он даректе тинтүү жана башка иш-чаралар жүрүп, он киши УКМКга жеткирилген.

“Жыйынтыгында катталбаган диний адабияттар, экстремисттик символикалар, бир ок атуучу граната, ар кандай маркировкалары бар үч патрон, бир жылмакай мылтык, бир страйкбол куралы (м16/М4 автоматынын аналогу), бир сигналдык тапанча, эки пневматикалык тапанча, акча каражаттары, бычактар, кылыч, байланыш каражаттары, радикалдуу мазмундагы аудио - жана видеоматериалдар алынды”, - деп жазылган маалыматта.

Жыйынтыгында, чет мамлекеттин жараны У.Д.А. жана кыргызстандык Л.Д.В. кармалып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.

Ал эми УКМКга жеткирилген башка адамдар тергөө амалдары жана алдын алуу иштери жүргүзүлгөндөн кийин коё берилген.

УКМК буга чейин март айында Кыргызстанда жашыруун террордук топтун 30 мүчөсү кармалганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG