Татарстандын Елабуга шаары өткөн жекшембиде дрон чабуулуна кабылды. Бул тууралуу бир катар орусиялык Телеграм-каналдар жазып чыкты. Baza каналы жазгандай, соккудан бир киши каза болуп, 13 адам жараат алган.
Татарстандын башчысы Рустем Минниханов бул маалыматты ырастап, жараат алгандардан бирөө оор абалда экенин билдирди. Жекшембинин кечинде ал каза болгондор эки кишиге жеткенин кошумчалады.
“Дрондорду жок кылууда анын сыныктары Елабуга районундагы унаа заводунун көзөмөл өткөрмө пунктуна тийген”, - деп жазган Минниханов. Ал жарандык объектилерги сокку урганы үчүн Украинаны айыптады.
"Медиазона" басылмасы күбөнүн видеосуна жана картадагы маалыматтарга таянып жазгандай, 15-июнда Елабугадагы "Алабуга" эркин экономикалык аймагында, тактап айтканда, Aurus автоунаа заводунун имаратына жакын жайгашкан автоунаа токтотуучу жайдын аймагында өрт чыккан. Украин дрондору бул аймакка буга чейин да сокку урган.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы жекшемби күнү Елабугадагы заводго сокку урганын тастыктады. Маалыматта бул жай "Украина аймагына, өзгөчө энергетикалык жана жарандык инфраструктураларга сокку урган дрондорду даярдоо, сыноо жана учуруу үчүн колдонулат" деп айтылат.
Елабуга Орусиянын Украина менен чектешкен жеринен миң чакырымдай ыраакта жайгашкан.
Жекшембиде Орусия Украинага 1200 украин аскеринин сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу Украинанын аскер туткундары боюнча Координациялык штабы билдирди.
"Украинага дагы 1200 сөөк кайтарылы, орус тараптын ырасташынча булар украин жарандарынын - аскерлердин сөөктөрү", - деп жазылган маалыматта.
"Свобода" жазгандай, акыркы жумада Орусия Украинага 4800 аскердин сөөгүн өткөрүп берген. Украина болсо 27 орусиялык аскердин сөөгүн кайтарган.
Сөөктөрдү өткөрүп берүү келишими 2-июнда Стамбулда жетишилген. Орусия тарап Украинага 6 миң аскердин сөөгү берилерин билдирген.
Стамбул сүйлөшүүсүндө жетишилген келишимге ылайык, Орусия менен Украина 10-июндан бери туткун айырбаштоо жараянын жүргүзүүдө. Алмашуулар 1:1 тартибинде жүрүүдө, бирок азырынча канча туткун айырбашталганы так айтылган жок.
Украин президенти Владимир Зеленский туткундарды айырбаштоо жараяны болжол менен 20-21-июнда аягына чыгарын айткан.
Орусия менен Украинанын туткун айырбаштоосу уланууда жана болжол менен 20-21-июнда аягына чыгат. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский ишембидеги кайрылуусунда билдирди.
Киевде өткөн брифинг учурунда Зеленский туткундарды алмашуу процесси бүткөндө Украинанын жетекчилиги Орусия менен кийинки кадамдары тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантарын белгиледи. Ал бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп менен Канадада өтө турган G7 тобунун саммитинде талкуулашы мүмкүн. Саммит 15-17-июнь күндөрү өтөт. Зеленский ал жакка чакырылган.
Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков президент Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын телефондон сүйлөшүүсү тууралуу айтып жатып, Путин Украина менен сүйлөшүүлөрдү "22-июндан кийин" жандантууга даяр экенин билдиргенин кабарлады.
Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн акыркы айлампасы 2-июнда Стамбулда өткөн. Азыркы учурдагы туткун алмашуулар андагы келишимдерди ишке ашыруу болуп саналат. Маалыматтарга ылайык, эки тараптан тең миңден ашуун адам бошотулат, анын ичинде 25ке толо электер, оорулуулар, жарадарлар жана жай тургундар болушу мүмкүн. Жалпысынан туткун алмашуу төрт айлампа менен өттү. Азырынча канча адам алмашылганы тууралуу так маалымат жок.
Туткундардан тышкары Орусия Украина тарапка украин аскерлеринин миңден ашуун сөөгүн өткөрүп берди. Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн соң орусиялык өкүлдөр 6 миңдей сөөктү өткөрүп берүүгө даяр экенин айтышкан.
Стамбулда башка маселелер боюнча келишимдер жетишилген эмес. Орусия Украинанын ок атышууну шартсыз токтотуу сунушун кабыл албады. Кремл сунуштаган шарттарга Киев көнгөн жок. Украинанын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү ок атышууну токтотууга байланыштуу болсо гана улантууга даяр экенин белгилешкен.
Америкалык Newsmax телеканалына курган маегинде украин президенти Владимир Зеленский орусиялык президент Владимир Путиндин тынчтык сүйлөшүүсүнө даяр экенин айтканын сындап, Путин буга күч менен гана макул боло турганын кайталады.
Зеленский муну АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга санкцияларды катаалдаштыруу менен "банк тармагын, көмүскөдөгү флотту, мунай баасы" көзөмөлдөө аркылуу гана ишке ашыра турганын айтты. Ал Путин "Трампты алдап коет" деп эсептейт.
Украин президенти Владимир Зеленский орус аскерлери Днепропетровск облусунун аймагына киргени тууралуу маалыматты четке кагып, алардын Сумы облусунун түндүк-чыгышындагы чабуулдарына бөгөт коюлганын, алдыга жылышы токтотулганын 14-июнда билдирди.
Фронттун Сумы багытында позициялар дээрлик теңелип калганын айткан Зеленский бул аймакка чектеш тилкеде 53 миңдей орус аскери турганын, кармаш чек араны бойлой 7 чакырым алыс жерде жүрүп жатканын, "душман токтотулганын" кошумчалады.
Днепропетровск облусунда, анын айтымында, кармаш уланууда, бирок "орус аскерлеринин алдыга жылуусу катталган жок".
Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери Донбасстын административдик чек арасынан өтүп, Днепропетровск облусунун аймагына кирип барышканын 8-июнда билдирген.