Масадыков: Серверге эч ким кийлигише албайт
28-ноябрда шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыга баштаган кезде БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өткөнү көрсөтүлгөн. Системадагы маалыматтар жаңыланганда босого чектен өткөн партиялардын саны алтыга кыскарып, добуштардын саны да кыскарды. Бул жагдайды "Ата Мекен", "Азаттык", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар биримдиги" өңдүү партиялар "көз боёмочулук" деп нааразылык билдиришти. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова техникалык мүчүлүштүк орун алганын, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков электрондук сервердин ишине кийлигишүү болбогонун айтты.
Чыгарылыштар
-
Июнь 16, 2025
АКШ кыргыз жарандарын киргизбейби?
-
Июнь 16, 2025
Ошто үйү бузулгандар бийликтен кенемте күтөт
-
Июнь 16, 2025
АКШнын кара тизмеси, Бишкектин билдирүүсү
-
Июнь 16, 2025
Иран-Израил жаңжалы: АКШ арачы түшөбү?