8-февралда Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында премьер-министр Улукбек Мариповдун Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы боюнча айткан сөзүнө каршы пикет өтүүдө. Анын катышуучулары өкмөт башчысынан айткан сөздөрү үчүн коомчулуктан кечирим сурап, түзөтүү айтуусун талап кылышууда. 3-февралда парламентте өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып аталган суу сактагычына кирген каналдын башы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айткан. Кийин премьер-министр Улукбек Марипов расмий видеокайрылуу таратып, Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына байланыштуу анын сөзү бурмаланып кеткенин билдирген.
Премьердин эки ача билдирүүсү талкууга түштү
8-февралда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында премьер-министр Улукбек Мариповдун Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы боюнча айткан сөзүнө каршы пикет өтүүдө. Анын катышуучулары өкмөт башчысынан айткан сөздөрү үчүн коомчулуктан кечирим сурап, түзөтүү айтуусун талап кылышууда. 3-февралда парламентте өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып аталган суу сактагычына кирген каналдын башы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айткан. Кийин премьер-министр Улукбек Марипов расмий видеокайрылуу таратып, Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына байланыштуу анын сөзү бурмаланып кеткенин билдирген.
Чыгарылыштар
-
Июнь 16, 2025
АКШ кыргыз жарандарын киргизбейби?
-
Июнь 16, 2025
Ошто үйү бузулгандар бийликтен кенемте күтөт
-
Июнь 16, 2025
АКШнын кара тизмеси, Бишкектин билдирүүсү
-
Июнь 16, 2025
Иран-Израил жаңжалы: АКШ арачы түшөбү?
-
Июнь 15, 2025
Чабуулдан кийинки Тегеран