"Азаттыктын" ТВ продюсери. "Бир дүйнө" даректүү тасмалар фестивалынынын жеңүүчүсү (2013). Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган (2006).
Грузияда оппозиция президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы. Мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди, анын өлүмү туугандарында суроо жаратууда. Өзбекстанда дарыгерлер эми президентке да ант берет.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун бийлик чылбырын колго алганына бир жыл болду. Президенттин акыркы апталардагы коомдук-саясий чөйрө менен байма-бай жолугушуп, өлкөнүн өнүгүшүнө байланышкан маселелерди талкуулап жатканы бир жылдык ишин жыйынтыктоо ишарасы катары бааланууда.
Бишкектеги "Акнет" телекоммуникациялык компаниянын башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүүдө.
Жетигенди Энесайдагы байыркы кыргыздар пайдаланып, Ала-Тоого көчкөндө аспап ошол аймакта калган деген маалыматтар бар. Соңку жылдары комузчу, ырчы Бактыгүл Абдисаламова угармандарга “жетигенчи” катары таанылып калды.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин баласы Санжар Нариман уулунун атына катталган үйдү сот аткаруучулардын конфискация кылуу аракети чыр менен коштолду.
Бишкекте 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын окуясына байланыштуу "Кечир бизди, Бурулай!" аттуу акция өттү.
"Каректе Евразиянын" бул жолку чыгарылышына Орусиянын Батыш өлкөлөрү менен болгон дипломатиялык тиреши, Газа секторундагы кагылышуу, Өзбекстандын өзүндө алгачкы жолу басылып чыккан Ыйык Куран китеби, казак өкмөтүнүн калкты түндүккө көчүрүү аракети, Тажикстандагы кичи бизнестин көйгөйлөрү жана кишини
Каректе Евразиянын бул жолку чыгарылышына Өзбекстандын жоюлган Улуттук коопсуздук кызматы, Орусиядагы президенттик шайлоо, Казакстандагы экстремисттик деп табылган оппозициялык кыймыл, эротикага тыюу салган "Тажикфильм", Өзбек-тажик соода алакалары, Түркмөнстандагы ундун тартыштыгы, Халабжа шаарынын
Түндүк жана Түштүк Корея. Тиреши токтоп, тил табыша баштады. Эми эки өлкөнүн туугандык байланышы калыбына келиши мүмкүнбү? Казакстанда хижаб боюнча талаш күчөдү. Эмне үчүн ондогон хижабчан окуучулар мектепке барбай жатышат? Бул маселе Кыргызстанда кандай?
Иран бийлиги нааразылык билдирип толкундаган он миңдеген элдин үнүн угабы же акцияларды уюштурду деп кармалган жүздөгөн адамдарды баш көтөргүс кылып жазалайбы? Молдованын президенти Игорь Додон эмне үчүн улам улам бийлигин колунан алдырууда?
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегиясында Кытай менен Орусия Кошмо Штаттар үчүн “атаандаш державалар” деп аталды.
Москва менен Багдад Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” радикал тобун толук талкалаганын жар салышты.
Орусиядагы мигранттардын радикалдашуусуна кандай себептер түрткү болууда?
Кыргызстанда президент алмашып, жаңысы ишке киришүүдө.
Дүйнөдөгү эң адилет коом түзүү, социалдык теңдикке умтулуубу же мамлекеттик төңкөрүш, бийликти басып алуубу?
Шайлоо өнөктүгү маалында башталган кыргыз-казак кайым айтышуусу, чек арадагы текшерүүлөр токтой элек. Эл аралык байкоочулар Кыргызстанда бийлик ыраттуу жол менен алмашканын кубаттаганы менен шайлоодогу административдик ресурсту, добуш сатып алууну баса белгилешти.
Орусияда президент Владимир Путиндин 65 жылдык мааракеси нааразылык акциялар менен коштолду.
АКШ тарыхындагы массалык куралдуу кыргын. 60 чакты кишинин өмүрүн кыйган Лас- Вегастагы кайгылуу окуя. Испаниядагы конституциялык кризис.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар президенттик шайлоого катышабы? Жүз миңдеген мигранттардын шайлоого катышпай калуусуна эмне себеп болуп жатат? "Азаттыктын" Москвадагы студиясында Орусиядагы кыргызстандыктардын алдыдагы президенттик шайлоого катышуусу тууралуу кеп салдык.
Ирактык күрттөр расмий Багдаддын жана коңшулардын каршылыгына карабай көз карандысыздык боюнча референдум өткөргөнү турат. Талаштуу референдум кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн? Казакстанда латын арибинин алгачкы долбоору сунушталаары менен кызуу талкуу жана сын-пикирлер жаралды. Коңшулаш өлкө
Дагы жүктөңүз