"Соң-Көлдө эл көбөйгөнү куштар азайды"

Сууну байырлаган куштар. Кыргызстан. (Влад Ушаковдун сүрөтү)

Кызыл китепке жоголуп бараткан канаттуулардын 50дөн ашык түрү кирген. Кийинки редакцияга андан да көп түрү кириши мүмкүн.

Жаратылыштын индикатору саналган куштардын жоголушуна аңчылык, жайыттардын какырашы, айдоо аянттарынын кеңейиши, тал-теректердин кыйылышы, көлмөлөрдүн соолуп, саздардын кургашы себеп экени айтылып келет.

"Жер эне" подкастында Улуттук илимдер академиясынын кызматкери, орнитолог Сейитказы Сагынбаев Кыргызстанды байырлаган канаттуулар жана алардын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берет.

Сейитказы Сагынбаев.

- Сейитказы мырза, мурдагы маектериңиздин биринде Кызыл китеп 2007-жылдан бери жаңыра электигин айткан экенсиз. Ага негизинен кандай канаттуулар кирген?

- Негизи Кыргызстанды 400дөй канаттуу байырлайт, анын 57и коргоого алынган. Кызыл китептин акыркы редакциясы 2007-жылы басылган. Жаңысы чыкса, тизме узарышы мүмкүн.

Кыргызстандын Кызыл китебине негизинен көлөмдүү куштар кирген. Мисалы, бизде ак куунун үч түрү болсо, анын ичинен куркулдак гана коргоого алынган. Кызыл китепке киргизүүнүн да өз тартиби бар. Бизде байырлаган куштар башка өлкөдө Кызыл китепке кирсе, биз дагы киргизишибиз керек.

- Жаз алды менен Ысык-Көлдө ак куулар өлүп жаткан сүрөт, видеолор социалдык тармактарга тарап кетти. Айрымдар муну "жемден өксүп, ачкадан өлдү" деп чыгышты го. Алар адамдын колунан тамак жейби?

- Ак куулар бизге кыштаганы Казакстандан, Сибирден октябрь-ноябрь айларында учуп келишет. Кайра марттын аягында, апрелдин башында кайтат. Кышында санак жүргүзгөндө 2 миңден ашуун ак кууну каттадык. Анын ичинен Кызыл китепке киргени 333 экен.

Ак куулардын өлүшүнө көбүнчө адамдар күнөөлүү. Жээкке топурап эл барганда алар үркүп, көлдүн ортосун карай качат.

Ак куунун негизги азыгы - балыр. Аны тынбай, түнкүсүн дагы жеп турушу керек. Суу терең болсо ал чумкуй албайт, демек, ачка калат.

Ошол жээкте өлгөн ак куулардын салмагын өлчөсөк, 10-11 эле килограмм чыкты. Бирөөнү союп көрсөк, ашказанында эч нерсе жок экен. Көбүнчө үйүрдөн бөлүнгөн жаш ак куулар ушундай абалда калат.

Өткөндө кээ бир адамдар "аларга жем бериш керек" деп жазган экен. Бирок арпа-буудайды сууга чача албайсың. Чачкан күндө да ак куу данды жебейт. Андай тажрыйбадан дагы өткөнбүз.

Ысык-Көл зоопаркындагы ак куу.

- Ысык-Көлдүн жээгинде акыркы жылдары эс алуучу жайлар көбөйбөдүбү, пирстерге бууканаларды куруу сунушу дагы айтылды эле. Алардын баары суунун, канаттуулардын жеминин сапатына таасир этиши мүмкүнбү?

- Ысык-Көлдүн жээгинде болгону 20 миңдей гектар жер гана корукка кирет. Анын ичинен 2 миңи эле кургак жер. Канаттуулар көбүнчө ошол корук турган аймакты байырлайт.

Анан калса көл акыркы жылдары соолугансып баратат. Былтыр барганда суу тартылып кеткенин көрдүк. Бул куштар байырлаган аймак тарып баратат дегенди билдирет.

Анан калса моторлуу кайыктар көбөйдү, эс алуу жайлардан чыккан саркынды көлгө кошулуп кеткени айтылып келет. Көлдүн өзүн өзү тазалаган касиети бар. Бирок булгай турган себептер көп болсо, чыпкалоого күчү жетпей калат. Суу таза эмес жерде чымын-чиркей дагы азаят. Алар жок болсо канаттуулар эмнени жейт?

- Бир маегиңизде таз жору, кузгун өңдүү куштардын саны азайганын да айткан экенсиз. Алар ак кууга окшоп сууда жашабайт, эл арасында анчалык деле бааланбайт го. Дегеним, жоголуп баратышына эмне себеп болууда?

- Бизде тарп жеген куштардын беш түрү бар, баары тең Кызыл китепке кирген. Алардын ичинен эң кичинеси - тарпчы. Ошол гана келгин куш. Калгандары жайы-кышы ушул жерде, төрт түлүк жайылган жерде сабалап учуп жүрүшөт. Мал өлөрү менен дароо баса калат. Тирүү жандыктарды жебейт. Илгери тарпты атайын тоо арасына, кырга таштап коюшчу. Азыр айылда аны унутуп калышты. Экинчиден, булардын жемин кошо талашкан атаандаштары көп. Өткөн жылдары Ак-Өлөңдө талаага тарп таштасак, дароо жолбун иттер жайнап кетти. Айрым жергиликтүү тургундар "карышкыр, чөө кармайбыз" деп тарпка уу чачып, аны жеген куштар өлгөн учурлар дагы катталган.

- Ал эми бүркүтчү?

- Бизде бүркүттүн алты түрү байырлайт. Көбү адамдын буту жетпеген аскага уя салат. Тирүү жандыктарды жейт. Казакстанда бүркүттүн талаага уя салган түрү бар. Бир жылы барып көргөм, дөңсөөгө эле уя сала берет экен. Ага эч ким тийбейт.

- Кыргызстанда ооган чымчык деген бар эмеспи, жут чымчык деп да атап жүрүшөт. Эл бул канаттуу башка жактан ооп келгенин айтышат.

- Аны ала канат чыйырчык же майна бизге 60-жылдары Индия менен Ооганстандан ооп келген. Шаар ичине ыңгайлашкан куштардын бири ушул. Биздин эл аны "бактагы алма, жүзүмдү жейт" деп жаман көрөт. Атып жок кылгандар бар, бирок бул туура эмес. Майнанын латынча аталышы "чегиртке жегич" (Acridotheres tristis). Негизги тамагы ошол зыянкечтер.

Жаратылышта баары маанилүү, ошол тең салмактуулукту биз, адамдар сакташыбыз керек. Кытайда илгери таранчыны кырып салышып, мителер көбөйгөндө кайра алып барышкан.

Майна.

- Шаарга ыңгайлашкан куш деп калдыңыз, белгилүү эколог, ыраматылык Эмил Шүкүров кайсы бир маегинде көгүчкөн кир шаарларда болорун айтты эле. Таза шаарларды булбул, торгой уялайт экен.

- Кайсы шаар болбосун көгүчкөн керек, ага жем чачкан адамдар да болушу керек. Бишкекте көгүчкөнгө жем берген адамдарды көрө элекмин. Таштандыда учуп-конуп, жанын багышат.

Бизде эмендин жалбырактарына жармашкан зыянкеч бар. Апрель айында жумуртка таштап, кийин личинкасы жерге түшөт. Бул аябай кооптуу курт. Көгүчкөн менен майна ошону жеп, тал-теректи сактап турат.

Бишкекте көгүчкөндөн башка каргалар да бар. Алар күзгө маал учуп келип, кыштайт. Жаз келгенде кайра Сибирге, Казакстанга учуп кетет. Ал эми кара карга адам бар жерге көп жолобойт. Алар тоо-ташка уя салат. Карга - жырткыч куш. Кээде көгүчкөндү да жеп коет.

Зоологиялык музейдеги куштар. Бишкек.

Эгер шаарда куштар болсун десек, алар жей турган өсүмдүктөрдү да эгишибиз керек. Мисалы, арчанын бүрү, кара жыгачтын уругу куштардын жеми. Азыр шаарга фиалка өстүрүп жатышпайбы. Анын уругун көгүчкөн жейт.

- Биз бала кезде чабалекейлер үй бооруна уя салчу эле. Азыр көрүнбөй калышты. Анын ордун карлыгач басты деп айтып калышат.

- Бизде кара карлыгач анан ак боор карлыгач бар. Кара карлыгачтар мурда жар бооруна уя салышчу. Кийин шаарга ылайыкташып, уя сала башташкан. Ак боор карлыгач көбөйгөндө аларды сүрүп салды. Ал кичине чоңураак келет. Ал эми чабалекейлер эмнеге азайды? Анткени алар уя сала турган жер жок калды. Алар ылай менен шыбалган үйлөрдү пааналайт да. Айнек капталган, дубалы жылмакай имаратка уясы токтобойт. Анан калса булардын жеми азайып кетти. Чиркей жок, бака чардабай калды. Табиятка доо кеткен жерден куштар кете баштайт.

- Шаар ичинде куштардын азайышын тыйын чычкандан да көрүшөт, чын эле ошондойбу?

- Тыйын чычканды Сибирден 60-жылдары алып келишкен. Терисин алабыз деп ойлошсо керек. Кийин көбөйүп кетип, баарын жей баштады. Куштардын балапанын, жумурткасын мойсоп, карагайдын жаңы өнүп келе жаткан бүчүрүн жеп салат экен. Америкалык норканы да алып келишкен. Азыр ал Ысык-Көлгө чейин жетип, суу жээгинде уя салган куштарга тиш салып жатат.

Негизи жаныбарлардын аймакка мүнөздүү эмес кайсы түрү болбосун алып келүү кооптуу. Азыр сырттан өсүмдүктөрдү да алып келип жатышат. Аны менен кошо зыянкечтер да келиши мүмкүн. Азыр Ботаникалык бакты бир бадал каптап, арыла албай жатышат. Ал негизи Америкада өсчү өсүмдүк. Аны бирөө алып келип отургузган окшойт. Уругун куштар жеп, заң менен тарап кетти да. Негизи өсүмдүктөр бир жерден экинчи аймакка куштар, жаныбарлар аркылуу тарайт. Уругу бутуна же жүнүнө илешсе эле бүттү.

- Жогоруда ак куу тууралуу айтып калдыңыз. Алар Соң-Көл, Чатыр-Көлдө да байырлайбы?

- Бул көлдөр кышкысын бир метрге чейин тоңуп калат. Ошон үчүн ал жакта канаттуулар кыштабайт. Мурда суунун ичинде да эч нерсе жок болчу. Кийин пеляд деген балыкты кое беришкен. Анткени муз тоңуп, кычкылтек азайганда ошол гана чыдайт экен. Соң-Көлдө илгери жайкысын өрдөк-каз сүзүп жүрчү эле, кийин эл көбөйгөндө Чатыр-Көлгө ооп кетти. 70-жылдары Соң-Көлдү куштун 30дай түрү байырлачу. Үч аралча бар эле, ошол жерге уя салышчу. Кийин көлдүн суусу бир-эки метр ылдый тартылды, жылдан жылга соолуп барат. Соң-Көл - булактар, кар суулары менен толукталып турган назик көл. Табияты да ошондой, тебеленген өсүмдүк көп жылга чейин калыбына келбейт. Анткени климат катаал. Азыр ал жакта туристтерди тосуп жатышат. Бул менимче туура эмес, айрыкча сауналарды, мончолорду иштетүүгө болбойт. Болбосо көлдөн айрылып калабыз.

Соң-Көл.

- Сөз акырында сурагым келет, куштарга кызыккан жаш илимпоздор барбы?

- Болгон күндө да аларды үйрөтүү керек да. Мисалы, егерлер илимий кызматкер эмес, аларды окутуу керек. Жөн эле окутпай, талаага ээрчитип барып көрсөткөн киши керек. Учурда Ысык-Көл коругу илимий мекеме болгону менен ал жерде илимий кызматкерлер иштебейт. Мурда эле кызматкерлер аз болчу, кийин баарын кыскартып салышты. Муну туура эмес деп эсептейм.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Көлгө келген ак куулар арпа-буудай жебейт "