Ирандын мамлекеттик телеканалынын үч кызматкери каза болду

Ирандык алып баруучу чабуулдан кийин студиядан чыгып баратат.

Ирандын мамлекеттик телеканалы билдиргендей, анын борбордогу имаратына бир күн мурда жасалган аба соккусунан каза болгондордун саны үч адамга жетти.

Маалыматка караганда, алардын бири телеканалдын редактору Нима Раджабпур. Ал сокку учурунда алган оор жараатынан улам көз жумган. Үчүнчү адамдын аты-жөнү азырынча жарыялана элек.

Буга чейин уктуруулар башкармалыгында иштеген кызматкер Масума Азими набыт болгону маалымдалган. Ракета тийген имараттын үчүнчү жана төртүнчү кабаттарына өрт чыккан.

16-июнда кечинле Ирандын башкы телеканалы түз эфирдеги берүү учурунда чабуулга кабылды. Интернетте тараган видеолордон студиянын үстүнкү бөлүгү урап түшкөнүн көрүүгө болот.

Израил армиясы 16-июнда Тегерандын үч районунда жайгашкан "Иран режиминин аскердик инфраструктурасына чабуул жасаларын" эскерткен билдирүү тараткан. Бул аймакта 300 миңдей киши жашайт жана ал жерде Ирандын мамлекеттик телерадиоберүү агенттиги, чалгындоо бөлүмүнүн штабы жана жогорку даражалуу аткаминерлердин үйлөрү жайгашкан.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашык адам набыт болгонун билдирди. (AiA)

Дагы караңыз

Түркмөнстан Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга байланыштуу коопсуздукту күчөттүЖапаров менен Цзинпиндин жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлдуИрандан Тажикстандын 30 жараны эвакуацияланды