Орусия Украинага 1200 аскердин сөөгүн өткөрүп берди

Жекшембиде Орусия Украинага 1200 украин аскеринин сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу Украинанын аскер туткундары боюнча Координациялык штабы билдирди.

"Украинага дагы 1200 сөөк кайтарылы, орус тараптын ырасташынча булар украин жарандарынын - аскерлердин сөөктөрү", - деп жазылган маалыматта.

"Свобода" жазгандай, акыркы жумада Орусия Украинага 4800 аскердин сөөгүн өткөрүп берген. Украина болсо 27 орусиялык аскердин сөөгүн кайтарган.

Сөөктөрдү өткөрүп берүү келишими 2-июнда Стамбулда жетишилген. Орусия тарап Украинага 6 миң аскердин сөөгү берилерин билдирген.

Стамбул сүйлөшүүсүндө жетишилген келишимге ылайык, Орусия менен Украина 10-июндан бери туткун айырбаштоо жараянын жүргүзүүдө. Алмашуулар 1:1 тартибинде жүрүүдө, бирок азырынча канча туткун айырбашталганы так айтылган жок.

Украин президенти Владимир Зеленский туткундарды айырбаштоо жараяны болжол менен 20-21-июнда аягына чыгарын айткан.

Дагы караңыз

Канаты кайрылган бала учпай калдыТрамп Путин менен Иран-Израил кризисин талкуулап, Украинадагы согушту токтотууга үндөдүИзраил-Иран жаңжалына үч күн, АКШнын кадамы кандай болот?Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлушу мүмкүнАракчи Иран чабуулду Израилдин кадамына жараша токтоторун айтты